Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.04.2016 09:55

Аксы менен Ала-Букада уурулук, бейбаштык кылган окуучулардын саны көбөйүүдө

Turmush -  Аксы менен Ала-Бука райондорунда милициянын каттоосунда турган окуучулардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Кербен шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөн тегерек столдо айтылды.

Бул иш-чарага Аксы, Ала-Бука райондорундагы мектептердин директорлору, социалдык педогогдор, дин өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Анда мектептеги рэкетчиликти жоюу үчүн видеокамера орнотуу сунушталды.

Аксы РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Насипа Эшпаеванын айтымында, Аксы районунда 2015-жылы 19 бала каттоого алынса, 2016-жылдын 3 айында эле 23 окуучу каттоого алынган.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Рано Нематтуллаеванын айтымында, район боюнча 2015-жылы 37 бала каттоого алынса, быйыл алардын саны 57ге жетти.

«Өспүрүмдөр арасында коомдук тартип бузуулар, уурулук, бейбаштык фактылары өсүп жатат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×