Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.04.2016 09:16

Аксынын Таштак айылындагы сел 2 баш бодо менен 42 майда жандыкты агызып кетти

Turmush -  Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында сел жүрүп, 42 майда мал-жандыкты 2 баш бодо малды агызып кетти. Бул тууралуу Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Ашым Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, 18-апрелде жүргөн селдин кесепетинен 20 кожолук жашаган аймакка таштанды, таштар толуп, каттам токтоп калган.

«Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Айрым тургундардын мал сарайына суу кирип, 1 аткана кулап, 6 дубал урап калды. Ал эми кулап калган электр мамычасы ордуна келтирилип, элге жарык берилди», - деди А.Кубатбеков.

Учурда ӨКМдин өкүлдөрү абалды көрүп, айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте чыгымдарды эсептеп жатышат. Адамдар арасында жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×