Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.04.2016 11:07

Сузактагы сел турак үйлөрдү каптады (фото)

Turmush -  Сузак районундагы Кара-Жыгач айылынын тургундары сел агуучу каналга эгин сугаруу үчүн тосмо курган. Кечээ, 18-апрелде түн ичинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен ал каналдын суусу тосмодон ашып, 2 турак үйдүн короолорун каптады.

Анын ичинен бир турак үйдүн жертөлөсүнө да суу кирди. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, деп маалымдайт ӨКМ.

Ошондой эле Барпы айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Комсомол айылынын Насос тилкесинде колоттон келген суулар чогулуп, жаңы курулган 3 үйдүн короосун каптаган.

Боз-Чычкан айылында сугат суу каналына курулган көпүрөнүн суу өткөрүмдүүлүгү начар болгондуктан каналга толгон суу көпүрөдөн ашып, айылдагы №85 Ынтымак мектебинин имаратынын айланасын каптап, бир класстык бөлмөнүн жертөлөсүнө суу кирген. Андагы спорт аянтчасы толугу менен ылай болду.

Аталган көпүрөнү кайрадан куруу керек. Мындан сырткары 3 турак үйдүн сарайларын суу каптап, жергиликтүү 3 кожолуктун короосу сел калдыктарынан тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×