Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.04.2016 10:29

Айыл турмушу: Андижандан келген Д.Маматисаева 24 жылдан бери Күрп-Сай ГЭСинде эмгектенет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы тургуну Дилбархан Маматисаева 24 жылдан бери энергетика тармагында иштеп келет.

Д.Маматисаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1963-жылы Андижан облусуна караштуу Жолобек айылында төрөлгөн. 1981-жылы Майлуу-Суу шаарындагы политехникалык институтуна кирип, 1984-жылы Бишкектеги политехникалык институттун күндүзгү бөлүмүнөн «Айыл чарбасын электр менен жабдуу» боюнча окуу курсун бүтүргөн. 1992-жылы Күрп-Сай ГЭСинин оперативдүү тобунда кезметчи инженер болуп иштеген.

Ал эми 2001-жылы ушул эле ГЭСтин оперативдүү тобунда цехтин улук кезмет башчылыгына которулуп, 2006-жылы станциянын кезмек башчысы кызматына өткөн.

«Д.Маматисаева жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу адис. Өзүнө жана кызматкерлерге талапты жумуш учурунда катуу коюп, жамаатта коомдук иштерди активдүү уюштуруп, насаатчы катары кадыр-баркка ээ. Күрп-Сай ГЭСиндеги эмгеги бааланып, мэриянын, Электр станциялар ишканасынын Ардак грамоталарына татыган», - деп билдиришти кесиптештери.

Д.Маматисаеванын айтымында, Күрп-Сай ГЭСиндеги оперативдик топто 30 адам 4 кезметке бөлүнүп иштейт.

«Ар бир кезметте 5тен адам иштейт. Мен станциядагы кезме башчымын. Иш убагында мага келген буйруктарды аткарам. Менден башка 4 адам күзөттө болот. Аларды көзөмөлгө алам», - деди ал.

Д.Маматисаева бош убактысында үй иштери менен алектенет. Короосунда гүлдөрдүн көптөгөн түрүн өстүрөт. Кол өнөрчүлүккө дагы кызыгат.

Жолдошу Самарбек Темирбеков Күрп-Сай ГЭСинин гидроцехинде иштейт. Алардын 3 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×