Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.04.2016 09:19

Айыл турмушу: Кара-көлдүк З.Байысбекова 35 жылдан бери жердештерин жылуулук менен камсыздайт

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 64 жаштагы тургуну Зейнеп Байысбекова 35 жылдан бери Токтогул ГЭСтер каскадынын Коммуналдык ишканалар комбинатында буу казандар орнотмосунун оператору болуп эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы анын иши менен таанышып кайтты.

Байысбекованын айтуусунда, 1952-жылы Жалал-Абад облусунун мурунку Жаңы-Жол, Азыркы Аксы районунун Кечүү айылында төрөлгөн. 1978-жылы Нарын Гидроэнергокурулуштун машинист багыты боюнча 3 айлык курсун бүтүргөн.

«Жумуш күнүм 2 күн, 12 сааттан иштейбиз. 2 күн күндүз иштеп, анан эс алып, түнкү кезметке өтөбүз. Биздин жумуш көбүнчө кышкысын күчөйт, элди жылуулук менен камсыздайбыз. Маселен кышында буу казандарды ысытабыз. Элге насос аркылуу жылуулук түтүкчөлөрүнө ысык сууну 60 градуска чейин ысытып жөнөтөбүз, кайра ал суу айланып 40 градус болуп келет. Кайра ысытып жөнөтөбүз. Ошентип шаар элин жылуулук менен камсыздайбыз. Жайкысын буу казандарды оңдоо-түзөө иштерине катышабыз», - деди ал.

З.Байысбекова буу казандар орнотмосунун мыкты оператору катары 2002-жылы 4-баскычтагы наам алган.

«Ал көп жылдык эмгек жолунда үлгүлүү насаатчы катары, көптөгөн жаштардын устаты болду. Өз ишине жоопкерчиликтүү болуу менен бирге шаарыбыздын тургундарынын ар биринин үйүнө жарык, жылуулук үчүн кам көрүүдө зор салым кошуп келүүдө», - дешет кесиптештери.

З.Байысбекова 4 баланын энеси, 13 небереси, 2 чөбүрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×