Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 19.04.2016 09:11

Ала-Буканын айылдарын сел каптап, унаа жол, суу түтүктөрү жабыркады (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы селден жолдор, көпүрөлөр жана суу түтүктөрү жабыркады. Кечээ, 18-апрелдеги сел Кең-Кол айылындагы сайдын ичинде жайгашкан ички чарбалык жолдун 2500 метр аралыгын бузуп, жараксыз абалга келтирген. Анын кесепетинен 24 кожолук унаа каттамысыз калды. Андагы болжолдуу чыгым 110 миң сомго жетти, деп билдирди ӨКМ.

Ошондой эле сай жээгине жакын жайгашкан ички чарбалык таза суу линиясынын 150 метр аралыгын, узундугу 15 метр болгон таза суу топтолгон булактын башын бузуп, жараксыз абалга келтирген. Анын кесепетинен 80 кожолук таза суусуз калып, болжолдуу чыгым 380 сомго жетти.

Ошондой эле Сайдын жээгине жакын жайгашкан 2 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Жээктеги бак-дарактарды, айдоо жерлерди бузуп, болжол менен 32 миң сомдук чыгым келтирилди.

Мындан сырткары кечээки селден Өрүктү-Сай айылындагы ички чарбалык жол, турак үйлөр, көпүрө, таза суу линиясы жабыркады.

Жалпы район боюнча келтирилген болжолдуу чыгым 887 миң сомго жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×