Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.04.2016 15:33

Белине 1,5 кг баңгизатты скотч менен ороп бараткан Базар-Коргондун тургуну кармалды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун 42 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 1 кг 500 гр салмактагы героинге окшош затты бел боосуна скотч менен оролгон кара баштыкка салып алган. Ал калыстардын катышуусунда алынып, баңгизат экспертизага жөнөтүлдү. Учурда тергөө амалдары уланууда.

«Кечээ, 17-апрелде саат 16:00дөр чамасында алынган оперативдүү маалыматтын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек—Ош унаа жолунун 472 чакырымында Базар-Коргон районунун тургуну кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

23

22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×