Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 18.04.2016 17:52

Таш-Көмүрдөгү ресторандын жанына токтотулган унаанын багажынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин денеси табылды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын 43 жаштагы тургунун катуу сабап, баш сөөгү, денеси канга чыланган абалда унаасынын багажына салып бараткан айдоочу кармалды.

Таш-Көмүр ШИИБден алынган маалыматка ылайык, 29-февралда Таш-Көмүр шаарындагы ресторандын жанында токтоп турган «Ниссан-Цефиро» үлгүсүндөгү унаанын Д.С. аттуу айдоочусу шек жараткандыгына байланыштуу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан текшерилген.

Текшерүү учурунда унаанын багажынан Таш-Көмүр шаарынын кичи курулуш аймагынын 1973-жылы туулган М.Р. аттуу тургуну оор абалда табылган. Анын баш сөөгү канга чыланып, денесинде оор жараты болгон. Жабырлануучу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок ал алган жараатынан улам көп узабай каза болгон.

Бул факт Таш-Көмүр ШИИБде катталып, Тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми кылмышка шектүү адам жабырлануучуну ачууга алдырып катуу сабаганын айткан.

Бул кылмыш боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, шектүү шаардык соттун санкциясы менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кыраакы милиция кызматкерлеринин аракети менен чуулгандуу окуянын бети ачылды», - деп айтылат маалыматта.

1

68

69

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×