Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Сузакта ушул жылдын 1-кварталында кант диабети менен ооруган 2002 адам катталган

Turmush -  Жалал-Абад облусунун 7342 жашоочусу кант диабетине кабылды. Анын ичинен 2002 жаран Сузак районунда жашайт. Бул тууралуу башкы эндокринолог Эркинбек Салиев облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, кант диабетине катталган 7342 адамдын 46сы 14 жашка чейинки балдар. Ал эми 56сы 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.

«Республика боюнча 217 өспүрүм катталган. Анын 56сы Жалал-Абад облусунда. Кант диабетинин биринчи тиби менен ооруган 14 жашка чейинки балдар Аксы, Ала-Бука райондорунда көп катталды. Экинчи тиби боюнча 2016-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен Сузак районунда көп катталып, алардын саны 2002 адамга жеткен. Ал эми Жалал-Абад шаары боюнча 14 жашка чейинки 5 бала кант диабети менен жабыркайт», - дейт Э.Салиев.

Тегерек стол жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дарыгерлердин катышуусунда өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1603
Көп окулду
×