Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.04.2016 08:24

Ала-Бука–Чаткал унаа жолун шагыл тосуп калды

Turmush -  Катуу жааган жамгырдын кесепетинен бүгүн, 18-апрелде саат 03:00 чамасында Ала-Бука–Чаткал унаа жолунун 16-22-чакырымын колоттордон түшкөн шагыл таштар тосуп калды.

Учурда жолдон оор жүк ташуучу унаалар гана өтүп жатат, деп билдирди ӨКМ. Кыйроолор жана жабыркагандар жок. Бөлүнгөн техникалар жеткенден кийин тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×