Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.04.2016 10:52

Токтогулдагы Чычкан капчыгайында кичи автобус оодарылып кетти

Turmush -  Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында Бишкек–Ош унаа жолунун 225-чакырымында бара жаткан «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетти. Унаанын ичинде 3 адам болгон, деп билдирди бүгүн, 16-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жабырлануучулар:

1. Айдоочусу жеңил жаракат алды (аты-жөнү такталууда);

2. Жүргүнчүлөр — Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын 1989-жылы туулган тургуну А.Алимов Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди;

3. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылынын 1983-жылы туулган тургуну Сулайманова Хадиба Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×