Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.04.2016 13:53

Республикада өткөн жылы 4 атайын кызматкер 10 кг баңгизат менен кармалган

Turmush -  Республикада 2015-жылы баңгизатка байланыштуу 13 кылмыш иши козголуп, 4 атайын кызматкер 10 килограмм героин менен кармалган. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы, полковник Рафик Мамбеталиев Жалал-Абадда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана колдонууга бөгөт коюуга арналган кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеде чет өлкөлөрдө баңгизаттарга тиешеси бар Кыргызстандын 485 жараны бар экени айтылды. Жыйында айтылгандай, Афганистандан жана Тажикстандан өткөн баңгизаттарынын 20%ы Кыргызстан аркылуу өтөт.

Жыйында сөзгө чыккандар ири өлчөмдө баңгизат менен кармалгандар жоопко тартылбай, аз өлчөм менен колго түшкөн карапайым жарандар соттолушарын жана мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен баңгизат колдонгондорду, саткандарды жана аны мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү оор жазаларга тартуу сунушу берилди.

Р.Мамбеталиев Жалал-Абад облусунда 432 гектар жерде кара куурай өстүрүлөөрүн жана баңгизаттарына байланыштуу кылмыш иштеринин алдын алуу үчүн 9-апрелде Ош шаарында жаштар катышкан атайын акция өткөрүлгөндүгүн айтты.

Мындан тышкары, ал чек араларда баңгизаттарды көзөмөлдөө үчүн жыл аягына чейин башка өлкөлөрдүн жардамы менен 2 млн 300 миң доллардык атайын жабдуу орнотуларын, жакында Бишкекте Афганистандан келген 10 килограмм героин кармалганын билдирип, ага каршы иш-чараларды күчөтүүнү өтүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×