Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.04.2016 12:56

Жалал-Абадда жыл башынан бери 147 кг баңгизат алынды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда быйылкы жылдын үч айында 147 килограмм 279 грамм ар түрдүү баңгизаттар кармалды. Алардын 4 килограмм 647 граммын гашиш, 1 килограмм 800 граммын героин, 140 килограммын марихуана түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде облустук администрацияда өткөрүлгөн кеңешмеде Өкмөткө караштуу баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Канатбек Ташкараев билдирди.

Анын айтымында, бул багытта облустук башкармалыкта 7, ал эми ОИИБде 22 кызматкер иштейт.

Кеңешмеде айтылгандай, баңгизаттар Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда өстүрүлөт. 

Кеңешмеде сөз алгандар жаштар арасында баңгизаттарды пайдалангандар жана тамеки тарткандар менен арак ичкендер мурдагыдан кыйла азайгандыгын, маңзаттуу өсүмдүктөрдү чалгы менен гана чаппастан аны тамыры менен жулуу керектигин, Жалал-Абад жаза аткаруу мекемесинде камалгандардын 60%ы маңзаттарга байланыштуу соттолгонун айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×