Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 15.04.2016 12:20

Айыл турмушу: Ала-букалык А.Турсунбаев темирден ар түрдүү буюмдарды жасайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылынын 37 жаштагы тургуну Акимжан Турсунбаев 15 жылдан бери темир устачылык менен алектенет.

А.Турсунбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал темирден аттарга така, курулуш мыктарын, чарбалык иштерге пайдалануучу балта, орок, кетмен сыяктуу аспаптарды жасап сатат.

«Бул кесипти шакирт болуп, чоң усталардан үйрөнгөм. Эски ыкма менен темирлерди отко салып, ар кайсы формага келтирип жасайм. Жасаган буюмдарымды райондун базарындагы сатуучуларга жеткирип берем. Кетмендер көлөмүнө жараша 200-300 сомго бааланат. Ал эми ороктор 100 сомдон сатылат», - дейт ал.

А.Турсунбаев белгилегендей, ал бала кезинен бери уста болууну кыялданчу.

«Бул кесипти үйрөнгөнүмө 15 жыл болуп калды. Азыр бул кесиптин сырларын шакиртиме үйрөтүп жатам. Тапкан каражатым үй-бүлөмдү камсыздоого жетет», - деп кошумчалады А.Турсунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×