Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 15.04.2016 10:32

Ноокенде өзүнөн 15 жаш улуу аялга үйлөнгөн 28 жаштагы тургундун өлүмүнө анын аялынын бир туугандары шектелүүдө (фото)

Turmush -  Адам өлтүрүүгө шектүү деп кармалган Кадамжай районунун тургундары соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Кадамжай району

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун айыпталган жашоочулары — 56 жаштагы К.Н. жана анын 24 жаштагы жээни И.Т.

Алар Ноокен районунун 28 жаштагы тургуну Сейитбек Үсөналиевди өлтүрүүгө шектелүүдө. Анын денеси Айдаркен шаарындагы таштандынын арасынан табылган. Белгилүү болгондой С.Үсөналиев 24 жаштагы И.Т.нын апасы менен бирге жашачу. И.Т. менен К.Н. кармалгандан кийин алардын мурда соттолгондугу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, өткөн жылдын 18-ноябрында К.Н. жана И.Т. сүйлөшүп алып, Г.Ш. менен чогуу жашаган 28 жаштагы Сейитбек Үсөналиевге кол салышкан. Алар Сейитбекти тепкилеп, андан кийин күч колдонуу менен Сейитбекти үйүнө алып келип, бычак менен төш жагына сайып өлтүрүшкөн. Андан кийин денесин Айдаркендеги таштанды таштоочу жайга ыргытып салышкан.

Кадамжай райондук сотунун чечими менен 30-мартта кармалган эки жаран 2 айга камакка алынды.

Окуя тууралуу:

Баткен облусунда 28 жаштагы Сейитбек Үсөналиевдин өлүмү боюнча иликтөө иштери уланууда.

Д 1

Сейитбектин бир туугандары анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жзага тартууну талап кылышат.

Белгилүү болгондой, Сейитбек 2013-жылы өзүнөн 15 жашка улуу аялга үйлөнгөн. Бул анын апасына жаккан эмес жана алардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон. Бир туугандары билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь айында Сейитбек аялынын кичи мекенине барган.

Д 4

Сейитбектин апасы Лейликан Эсеналиеванын айтымында, Айдаркенге келгенден кийин баласы ага чалып, аны жаман тосуп алышкандыгын айткан.

«Мен ага дароо эле таксиге отуруп, кайра үйгө кел деп айткам. Сүйлөшүү учурунда анын жанында дагы бир нече адам бар экендигин уккам. Ал мени бир мүнөт күтүп турууну айтты. Ошондон кийин биз анын өлүк денесин гана алдык. Мен күнөөлүүлөрдү таап, жазасын берүүнү өтүнөм», - дейт ал.

Д 2

Сейитбектин эжеси Канышай Эсеналиева билдиргендей, бир тууганы тууралуу кабарды уккандан кийин алар дароо Баткенге чыгышкан.

Д 5

«Биз апамды үйгө калтырып, өзүбүз жолго чыктык. Өлүкканага келгенден кийин денесин тааный алган жокпуз. Биз аны кийимдеринен гана билдик, бетинен таануу мүмкүн эмес болчу. 21-мартта биз аны акыркы сапарга узаттык», - деди К.Эсеналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×