Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.04.2016 11:45

Сузакта мыйзамсыз 10 тоннадай сурьма жүктөп бараткан 2 жүк ташуучу унаа кармалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-апрелде эртең менен Ош–Бишкек унаа жолунун Сузактагы тилкесинде мыйзамсыз сурьма жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалар кармалды. Бул тууралуу Сузак РИИБдин башчысы Нурбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу унаа Ала-Бука районунан Ош шаарына сапар тарткан.

«Оперативдүү маалыматтын негизинде жолдон оор жүк ташуучу эки унаа текшерилген. Текшерүү учурунда айдоочулар эч кандай документтерин көрсөткөн эмес. Алар сурьманы бирөөлөр тосуп аларын гана айтышкан. 10 тоннага жакын сурьма жүктөлгөн унаалар учурда райондук ИИБдин короосуна киргизилип, текшерүү иштери уланууда», - деди Н.Жаныбеков.

Ал белгилегендей, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан түшүнүк каттар алынып, калыстардын катышуусунда «КамАЗ» унаасы ачылды. Аталган окуя Сузак РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×