Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 14.04.2016 10:58

Тогуз-торолук 6 окуучу «Манас таануу» боюнча республикалык сынакка тандалды

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен окуучулардын «Манас таануу» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Казарман айылындагы Макмал орто мектебинде өткөн бул сынакка райондогу 13 мектептин окуучуларынан түзүлгөн 6 команда катышты.

Мелдештин баш байгеси — райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасын №1 Макмал орто мектебинин командасы утуп алды.

1-орун Имамберди уулу Иса атындагы мектептин окуучуларына ыйгарылса, 2-орунду Кош-Булак айылдык мектебинин окуучулары ээледи. Ал эми 3-орунга Атай айыл өкмөтүнөн келген Саймалуу-Таш орто мектебинин окуучулары ээ болду.

Жеңген командалардын арасынан мыкты делген 6 окуучу тандалып, Бишкек шаарында өтө турган «Манас таануу» интеллектуалдык мелдешинин республикалык туруна катышууга жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×