Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу 14.04.2016 09:48

Жалал-Абад облустук ооруканасынын төрөт бөлүмү убактылуу жабылды

Turmush -  Жалал-Абад облустук ооруканасынын төрөт бөлүмү имараттагы оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу кечээ, 13-апрелде убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси А.Кулбаев маалымдады.

Анын айтымында, оорукананын төрөт жана балдардын стационардык бөлүмүндө эмгектенген кызматкерлер Аксы, Сузак, Ноокен райондорундагы ооруканаларга жөнөтүлдү. Оңдоо иштери аяктаганга чейин облустук оорукананын дарыгерлери менен райондук оорукананын дарыгерлери тажрыйба алмашат.

Төрөт бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүү иштери эл аралык ЮНИСЕФ уюуму тарабынан ишке ашырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×