Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.04.2016 17:54

Айыл турмушу: Кара-көлдүк подполковниктин чыгармачылыгы (фото) (фото)

Turmush -  Кара-Көлдүн 78 жаштагы тургуну, милициянын отставкадагы подполковниги Анарбек Иманкулов тарыхый китептерди көп окуп, бош убактысында ыр жазат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен маектешип кайтты.

Анын айтымында, алгачкы ырын 25 жашында жазган.

«Ырды бош отурганда эле жаза бербейм, эргүү келгенде гана жазам. Учурда 200-300гө жакын ырым бар. Ырларым биринчи жазылган боюнча сакталып, өздүк архивимде турат. Кийин балдарым, неберелерим китеп кылып чыгарып, эстеп турар», - деди ал.

Аксакалдын ырларынын көбү эскерүү, куттуктоо, кыргыз жерине, жаратылышка суктануу темасында жазылган.

«Менин жакын тайкелерим Төлөгөн Касымбеков, Ниязалы Борошов сыяктуу мыкты инсандар болгон. Бул инсандарды кыргыз эли жакшы билет. Төлөгөн Касымбеков керемет тарыхый романдарды жазган. Менин ыр жазып жүргөнүмө алардын дагы таасири бар», - деди подполковник.

Каарманыбыз бала кезинде чоң атасы Жээнаалы менен чоң апасы Гүлбүшкө «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү көп окуп бергендигин эскерип, жаш кезиндеги чыгармачылык ышкызбоздук ырларды жазууга түрткү болгондугун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×