Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.04.2016 18:41

Ноокенде 53 жаштагы жаранга ок атып, аялын жарадар кылгандар кармалды (видео, фото)

Turmush -  Ноокен районунда каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-апрелинде саат 21:00 чамасында Ноокен районунун Достук айылынын 1963-жылы туулган Б.А. аттуу тургундун үйүнө белгисиз адамдар келген.

«Эшикти үй ээсинин жубайы — 1967-жылы туулган У.Э. ачкан. Бет кап кийип, жүзүн жашырган 25-30 жаштар чамасындагы эки жигит аялга травматикалык куралды мээлеп, тапанчанын арты менен бетине чапкан. Ал ошол жерден эсин жоготуп жыгылган. Күйөөсү Б.А. бөлмөдөн чыгып келе жатканда ага карата каракчылар травматикалык тапанчадан оң көкүрөгүнө ок чыгарган. Андан соң каракчылар белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучулар арыз менен Ноокен РИИБдин Достук аймактык бөлүмчөсүнө кайрылышкан. Бул окуянын кесепетинен үйдүн кожоюну Б.А. менен анын аялы У.Э. жараат алып, Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча кылмыш иликтөөчүлөр тарабынан ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, кол салгандар 9-апрелде өздөрүнүн унаасы менен Ноокен районунун аймагынан кармалды.

Кармалган жарандар Талас районунун 1993-жылы туулгантургуну А.уулу Б., Өзгөн шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Б. уулу. М. жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун 1992-жылы туулган тургуну А.Б. болуп чыкты.

Шектүүлөр Ноокен райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×