Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.04.2016 15:25

Жалал-Абадда кичи автобуста келе жаткан Тажикстандын 22 жаранын тоногондор кармалды (видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Тажикстандын 22 жараны менен келе жаткан кичи автобуска кол салып, каракчылык кылууга шектелген 4 адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-апрелинде саат 05:00 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 426-чакырымында Лейлек районунун Кулунду айылынын 1991-жылы туулган О.З. аттуу тургуну «Мерседец-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус менен Баткен облусунан Бишкек шаарына Тажикстандын 22 атуулу менен кетип бара жатып, Күрп-Сай ГЭСиндеги тоннелден 20 метр өтүп, жолдун четине эс алуу үчүн токтошкон.

«Мерседес-Бенц 280 E» үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси жок унаанын ичинен 25-30 жаштардагы 4 бала түшүп, бирөөсү ок атуучу курал менен коркутуп, аларды машинадан түшүрүп, катарга тизишип, айдоочунун 150 миң сом накталай акчасын жана тажик улутундагы атуулдардын жалпы 59 миң рубль акчаларын, 2000 казак теңгесин, 9 даана уюлдук телефондорун тартып алып, Ош тарапты көздөй качып кетишкен.

Натыйжада айдоочуга жана тажик улутундагы адамдарга материалдык, физикалык, моралдык зыян келтиришкен.

Айдоочунун жазган арызы Ноокен РИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесине 9-апрелдее катталып, текшерүү иштери тергөө тарабынан жүргүзүлүп, ошол эле күнү Крнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин («каракчылык») 2-бөлүмүнүн 2-3 пункту жана 3-бөлүмдүн 2-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча кылмыштын изин суутпай ыкчам иликтөө иш аракеттери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары «Мерседес-Бенц 280 E» үлгүсүндөгү белгиси жок унаасы Ноокен районунун Маасы айылында кармалып, анын ичинде бара жаткан Сузак районунун 1992-жылы туулган Б.Э., 1992-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Ж.Э., 1992-жылы туулган Ош облусунун Араван айылынын тургуну Ж.М, 1993-жылы туулган Ноокат районуну тургуну И.К. кылмышка шектүү катары кармалган.

Алар КР ЖПК 94-беренесинин негизинде Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 11-апрелде Ноокен райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×