Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 13.04.2016 08:53

Сузактын жер көчкү баскан айылында электр жарыгы берилип, 2 үй-бүлө көчүрүлдү (фото)

Turmush -  Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайыт жерде 11-апрелде саат 16:00 чамасында жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн кесепетинен айылдын булагы тосулуп, жергиликтүү тургундар тарабынан калыбына келтирилди, деп билдирди бүгүн, 13-апрелде ӨКМ.

Алчалуу айылындагы 3 электр мамысы жабыркап, 31 кожолук убактылуу электр энергиясыз калган. Ошондой эле 19 түп теректи жана жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды көчкү басып калган. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлөгө убактылуу коопсуз жерге көчүү жөнүндө эскертме берилген.

Кечээ, 12-апрелде калыбына келтирүү иштери аткарылып, калкка электр энергиясы берилди. Кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлдү. Жер көчкү айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×