Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 12.04.2016 13:30

Айыл турмушу: Ала-букалык А.Жураев ата кесибин унутта калтырбай бычак жасоо менен алектенет (видео)

Turmush -  Ала-Бука районунун Достук айылынын 45 жаштагы тургуну Азизбек Жураев ата кесибин улантып, бычак жасоо менен алектенип келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы устанын иши менен таанышты.

Анын өзүнүн айтымында, бычактарды болоттон жасагандыктан аябай курч болот. Бир бычакты жасоого 2-3 күн кетет. Жасалган бычактарды курчутуу үчүн жети түрдүү чарык ташка салат. Уста бычакты каражат табуу үчүн эмес, ата кесибин сактап калуу үчүн жасай тургандыгын белгиледи.

«Бычактарды жасоого көп мээнет жумшалат. Жасаган бычактарымды көбүнчө Ош, Бишкек шаарларында саттырам. Бул жерде мен жасаган бычактарга суроо-талап аз. Кээде касапчылардан, чабандардан буюрутма түшүп турат. Күнүмдүк турмушка бул бычактар көп колдонулбайт. Бычактардын баалары 500 сомдон 2500 сомго чейин. Сабы эликтин мүйүзүнөн жасалган көлөмү чоң бычактар кымбат турат. Жөнөкөй саптуулары арзан. Бычактарга көбүнчө топоздун мүйүзүнөн сап жасалат», - деди ал.

Ал бычак жасоо менен бош убактысында гана алектене тургандыгын кошумчалады. Негизинен дыйканчылык кылып, таксист болуп иштеп үй-бүлөсүн багат. Бычак жасоонун сырларын балдарына да үйрөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×