Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.04.2016 13:30

Жалал-Абад шаарындагы 20 мектептин окуучулары 10 сабак боюнча күч сынашты

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучуларынын арасында 10 сабак боюнча олимпиада өткөрүлдү. Ага жалпысынан шаардагы 20 мектептен 218 окуучу катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Манап Абдрашов билдирди.

Анын айтымында, олимпиада балдардын билим деңгээлин жогорулатуу, балдарды зээндүү, таланттуу болууга үндөө максатында өткөрүлдү.

«Олимпиадада окуучулар математика, химия, физика, биология, география, кыргыз тил, орус тил жана башка сабактар боюнча күч сынашты. Жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарылат», - деди М.Абдрашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×