Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.04.2016 10:19

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Ф.Жакутова 39 жылдан бери балдарга кол өнөрчүлүктү үйрөтөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 58 жаштагы тургуну Фанар Жакутова билим берүү тармагында 39 жылдан бери эмгектенип, кол өнөрчүлүк боюнча сабак берет.

Ф.Жакутова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Токтогул районунун Ничке-Сай айылындагы 9 жылдык орто мектепти бүтүргөн. Андан соң 1973-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы Ничке-Сай айылындагы өзү окуп бүткөн мектепке, чийүү, эмгек сабагынан мугалим болуп ишке кирген.

Андан кийин турмушка чыккандыгына байланыштуу Кызыл-Уран орто мектебинде, 1983-жылы М.Ломоносов атындагы орто мектептеринде эмгек жолун улантат. 1992-жылдан баштап Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепке кирип, ушул күнгө чейин талыкпай, үзүрлүү эмгектенип жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарына ээ болуп, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисин алган. Анын 3 баласы, 5 небереси бар.

Бош убактысын адабий китептерди окуу жана кол өнөрчүлүк менен өткөрөт.

«Кол өнөрчүлүктүн бардык түрүнө кызыгам. Учурда окуучуларга технология (чийүү, эмгек сабагы) сабагынан билим бергендиктен аларга оймо-чийменин түрүн, кийизден үй буюмдарын жасоону үйрөтөм. Ошондой эле алардын тарых, таржымалына токтолуп, табигый жүндөн жасалган буюмдар, адамдын организмине канчалык пайдалуу экендигин айтып берем. Оригами ыкмасы менен кагаздардан ар кандай буюмдарды жасоону үйрөтөм. Мында балдардын ой жүгүртүүсү калыптанат», - деди ал.

Ошондой эле, Ф.Жакутова өзү кызыккан түрдүү буюмдарды жасайт. «Боз үйдүн жабдыктарын да жасайм. Шырдак шырганды, ойгонду, жөрмөгөндү абдан жактырам», - дейт Ф.Жакутова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×