Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.04.2016 08:24

Фото - Аксынын Итагар айылындагы жер көчкүдөн улам 3 айыл өкмөт суусуз калуу коркунучунда

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында 5-апрель күнү жер көчкү жүрүп, айылдыктарды суусуз калтырды.

Итагар айылынын активисттеринин бири Куттубек Мырзамамытовдун айтымында, көчкүдөн улам ылай болгон суу быйылкы жылы тунбай калуу коркунучу бар.

«Азыр бул маселени чечүү боюнча жергиликтүү бийликтен аракеттер болбой жатат. 3 айыл өкмөттүн эли таза суусуз жана бир айыл өкмөттүн 10 миң гектарлаган жери сугат суусуз калганы жатат. Бул маселеге бийлик өкүлдөрү кайдыгер мамиле кылууда. Жер көчкү түшкөндө ӨКМдин райондук бөлүмүнөн өкүлдөр келип текшерип, көчкү түшкөн жерди суудан алып салууга өкмөттүн күчү жетпей тургандыгын айтып кетишти. Ал көчкү түшкөн жер агып жок болгуча эл таза суусу жок отура береби?», - дейт К.Мырзамамытов.

Ал белгилегендей, мындан 2-3 жыл мурда айылдагы көмүр кенин атайын чалгындоо иштери жүргөн.

«Ошол учурда кенди чалгындагандар 250 метр тереңдикке чейин казып көрүшкөн. Кийин ошол казылган жерлердин айрым жерлерин ачылып калганын көргөндөр бар. Азыр жер көчкү ошондон улам түшкөн деп болжолдоп жатабыз. Андан сырткары токойду кыйдырып жок кылышкан. Чалгындоого уруксат бергендер, токойдун кыйылышына жол ачкандар дагы жооп бериши керек», - дейт активист.

Итагар айылынын башчысы Ажибек Алымкуловдун билдиришинче, айыл өкмөткө жана ӨКМдин райондук бөлүмүнө кайрылуу жолдонуп, суунун зыяндуу же зыянсыз экендигин текшерип берүү жагы каралууда.

«Азыр айыл өкмөткө жана ӨКМдин райондук бөлүмүнө кайрылуу жолдонду. Андан сырткары, санэпидкөзөмөл борборуна дагы кайрылдык. Учурда ылай суу агып жатат. Суу жакынкы күндөрдө текшерүүгө жөнөтүлөт», - деди А.Алымкулов.

Итагар айылындагы суунун булгануусу Кара-Жыгач Авлетим жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн элин таза суусуз калтыруу коркунучунда болсо, Жерге-Тал айыл өкмөтүн сугат суусуз калтырганы турат. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө суу Итагар айылынан атайын насостук станция аркылуу чыгарылып турса, айылдан келген суу Кара-Жыгач, Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүнүн сууларына кошулуп, сууну булгап кетет.

Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманов ылай сууну ичүү кооптуу экенин ырастап, учурда 5-6 айыл таза суусуз калышы мүмкүн экендигин айтты.

«Учурда тиешелүү жерлерге кайрылуу жасадык. Эмне себептен жер көчкү жүргөнүн айтуу кыйын. Көмүр кенин чалгындагандан уламбы же башка себептенби азыр тактала элек. Азыр ал көчкүнүн себептери текшерилип жатат», - дейт ал.

Айыл өкмөт башчысы белгилегендей, жер көчкүнүн себептери так аныкталбаганы менен токойдун кыйылышына байланыштуу болушу мүмкүн. Жер көчкү катталган жердеги токой буга чейин кыйылып, бак-дарактар дагы жок болуп кеткен айтылууда.

5-апрелде Итагар айылынын Кулунчак жайлоосунда жер көчкү жүрүп, 5 гектардай жерди басып калган. Ал токойдо көп жылдык карагай, арча жана алма өрүк дарактары жабыркаган. Токойго канча зыян келтирилгени аныктала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×