Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.04.2016 08:03

Сузакта жер көчкү жүрүп, 5 бодо малды басып калды (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде саат 16:00 чамасында Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайыт жерде көлөмү болжол менен 30 миң метр куб жер көчкү түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жер көчкүнүн кесепетинен Алчалуу айылына келген 3 электр мамысы жабыркап, 31 кожолук убактылуу электр энергиясыз калган. Ошондой эле жер көчкү жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды жана 19 түп теректи басып калган.

Кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлөнү коопсуз жайга чыгаруу боюнча жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эскертме берилди.

Бүгүн, 12-апрелде электр энергиясын калыбына келтирүү иштери райондук электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×