Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 11.04.2016 17:36

Сузактын 41 жаштагы тургуну жердешин өлтүрүүгө шектүү делип кармалды

Turmush -  Сузак районунун тургуну адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-апрелинде саат 17:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1975-жылы туулган Б.Б. аттуу тургундун жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин оперативдик тобу, аймактык тескөөчүлөр барып, тийиштүү материалдар топтолгон. Алгачкы текшерүүдө маркумдун денесинен жаракат алган белгилер табылган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар ушул жылдын 3-апрелинде Сузак РИИБде катталып, бул окуя боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын 41 жаштагы тургуну кармалып, ал РИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Кармалган жаран өз ара чырдан улам жердешин сабап өлтүргөнүн айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×