Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.04.2016 17:06

Айыл турмушу: Кара-көлдүк мугалим Н.Нусубалиева 2 жолу сынактан жеңип чыгып, Германияга барып келди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Нурия Нусубалиева 32 жылдан бери Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинде немис тилинен мугалим болуп эмгектенип келет.

Анын айтымында, 1982-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган. Алгач эмгек жолун 1983-жылы Кара-Көл шаарындагы М.Фрунзе атындагы №3 орто мектебинде баштаган. 1984-жылы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепке мугалим болуп келип, ушул кезге чейин үзүрлүү эмгектенүүдө.

«Нурия Кымбатканованын окуучулары немис тилин жакшы окуп, облустук олимпиадалардан алдыңкы орундарды камсыз кылып келишет. Ал өз кесибин мыкты билген сыймыктуу мугалимдерибиздин бири», - деди мектеп директору Сайрагүл Жумабекова.

Ал 2010-2013-жылдары Бишкектеги немистердин педагогикалык тажрыйба алмашуу кызматы тарабынан жыл сайын өткөрүлгөн сынакка катышып, стипендияга ээ болгон. Аны менен Германияга барып келген.

«2010-жылы стипендия утуп, 3 жумага Германиянын Лимбург шаарындагы гимназиялардын биринде болуп келдим. 

2013-жылы дагы ушундай ийгиликтин арты менен Германиянын чыгышындагы Лебау шаарындагы гимназияга барып келдим. Ал жакта окуучуларга мамлекет жакшы көңүл бурат. Маселен окуу куралдарына байланышкан көйгөйлөр жок. Окуучулар дагы татыктуу билим алууга умтулушат.

Германиядан немистер сапаттуу, кызыктуу китептерди сатып беришти. Ошолорду алып келип, өзүм иштеген мектептеги окуучуларга сабак өтө баштадым. Мурунку китептерден айырмасы чоң», - деп кошумчалады ал.

Мугалим 4 баланын энеси. Үзүрлүү эмгегинин арты менен Эл агартуунун отличниги наамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×