Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу 11.04.2016 16:58

Токтогулда наристесин ажатканага таштаган келинге карата козголгон кылмыш иш сотко өткөрүлдү

Turmush -  Токтогулда баласын ажатканага төрөп таштап кеткен келинге карата козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктап, сотко жиберилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Токтогул РИИБ тарабынан козголгон кылмыш иш 26-мартта райондук сотко жиберилген. Отурумдун күнү азырынча белгисиз.

Окуя тууралуу:

Буга чейин маалымдалгандай, 27-январда куткаруучулар Токтогул районундагы жалпы даараткананын ичинен ымыркайды куткарып калышкан.

ӨКМ билдиргендей, 27-январда саат 21:47де ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынын ичинен жаңы төрөлгөн тирүү наристени чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, Токтогул районунун М.Эргешова аттуу тургуну дааратканадан ымыркайдын үнүн угуп, ӨКМдин 112 кызматына телефон аркылуу кайрылган.

Ымыркайды дааратканага таштап кеткен эне — 1992-жылы туулган А.А. кармалган. Ал аталган райондун Сары-Согот айылынын тургуну экендиги маалым болду.

«Оперативдүү топ барганда дааратканада ак шейшепке оролгон наристенин ыйлап жатканына күбө болушкан. ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте ымыркай куткарылып, тез жардам кызматына тапшырылган. Учурда баланын абалы жакшы. Ал эми ымыркайды таштаган эне кармалды. Ал дааратканага киргенде көз жаргандыгын айтууда», - деп айтылат Токтогул РИИБ билдирген маалыматта.

А.А. камакка алынгандан кийин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган. Атайын түзүлгөн комиссия бир катар талкуулардан кийин ымыркайды ооруканадан апасы менен чогуу чыгарды. Ымыркайдын коопсуздугун көзөмөлдөө милдетин алган таенеси кызы менен жээнин үйүнө чыгарып кеткен. Комиссия ал үй-бүлөгө тез-тезден текшерүү жүргүзүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×