Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.04.2016 15:15

Айыл турмушу: Ала-Буканын тургуну Х.Хамидов үй-бүлөсү менен айына 10 бешик жасап сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын тургуну Хошимжан Хамидовдун үй-бүлөсү бешик жасап сатуу менен алектенет.

Анын уулу Умар Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алар бешик жасоодо көк талды материал катары колдонушат.

«Аны алгач кесип келип, кургатып алуу абзел. Андан кийин атайын станоктун жардамы менен бешиктин бөлүктөрү жасалып, аларга гүл түшүрүлөт. Соңунда кураштырылат. Бешикти жасоодо мык колдонулбайт», - дейт ал.

Умардын айтымында, атасы экөө айына 10го жакын бешик жасап сатышат.

«Биз бешик жасоону жакында эле баштадык. Көпчүлүк бөлүгүн атам жасайт. Мен ага жардамдашканча бешик жасоонун сырларын үйрөнүүдөмүн. Жасалган бешиктерди атайын кардарга дүңүнөн сатабыз. Ал төшөгүн өзү тигип, базарга алып чыгып сатат», - дейт Умар.

Ал эми райондогу базарларда бешик ар кандай баада сатылат. Бешик өзү 1500 сом турса, төшөгү менен даяр бешиктер 2000 сомдон 3000 сомго чейин бааланат.

Сатуучулардын айтымында, бешикке болгон суроо-талап жай, күз айларында жогору болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×