Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.04.2016 14:59

Кара-Көл шаарындагы №2 инновациялык мектептин тарыхы (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №2 инновациялык мектеп 49 жыл мурда пайдаланууга берилген. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мектеп директору Сайрагүл Жумабекова маалымдады.

Анын айтымында, мектеп 1967-жылдан тарта орто мектеп катары иштей баштаган. Бүгүнкү күндө мектепте 972 окуучу билим алып, 51 мугалим эмгектенет.

«Мектеп 49 жыл ичинде урмат-сыйга ээ болуп, эл үчүн иштеген бүтөрүүчүлөрдү тарбиялады. Маселен 1967-2015-жылдар аралыгында 3137 бүтүрүүчү аяктап, өлкөбүздүн бардык тармагында эмгектенип жатышат», - деди директор.

Мектеп 2012-жылы жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери, облустагы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн «2012-жылдын мыкты мектеби» наамын алган. КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан жарыяланган «100 инновациялык мектеп» сынагына катышып, алдыңкы орунга ээ болду. Бүгүнкү күндө окуучуларга жаңы технологияларды колдонуу менен сапаттуу билим берилет. Мугалимдер кесиптик чеберчилигин өнүктүрүп турушат. Мектеп заманбап жабдыктар, компьютер жана интерактивдүү такталар менен камсыздалган.

«Мугалимдер жыл сайын билимин жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Алар интернеттен окуучулар үчүн керектүү маалыматтарды алып, сабак менен айкалыштырып пайдаланышат. Мектепте балдарды тарбиялоого да көп көңүл бурулууда. Маселен мектепте кылмыштуулукту алдын алуу боюнча сынактар, талкуулар, класстык сааттар жана укук коргоо кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп турат», - деп кошумчалады Жумабекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×