Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 11.04.2016 12:39

Сузак районунда жылкыдан кутурма илдети аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылында жылкыдан кутурма илдети аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар айылдык мал догдур Кубаныч Юсубалиевге кабарлашкан, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Тургундардын айтымында, 10 күн мурда аталган айылдагы Кара-Башат жайлоосунда жүргөн жылкылардын биринен кутурма оорусу табылган. Мал догдур К.Юсубалиев тургундардын бул билдирүүсүн тастыктады.

Ал белгилегендей, Кара-Башат жайлоосундагы 60 жылкыга кутурмага каршы эмөө жүргүзүлдү. Кутурма катталган бээ эрежелерге ылайык көмүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×