Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.04.2016 09:59

Айыл турмушу: Ала-букалык Р.Усманова гүл өстүргөн күнөсканадан киреше таап баштады (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун 53 жаштагы тургуну Разия Усманова базарга өзгөчө гүлдөрдүн көчөттөрүн алып чыгат. Анын айтымында, гүлдөрдүн көчөттөрүн сатып алууга кызыкка кардарлары арбын.

Ал өз короосуна сыноо үчүн күнөскана ачып, гүл өстүрүүнү баштаган. Күнөсканасында петуния, катарантус, астра, түрк гвоздикасы, жоогазын, роза, короз гүл, чыны гүл сыяктуу гүлдөрдүн көчөттөрү өстүрүлөт.

«Мен быйыл 2 сотых жерге чакан күнөскана ачып, сыноо үчүн гүлдөрдүн көчөттөрүн өстүрүп көрдүм. Эми ал көчөттөрдү сатууга чыгарып жатам. Көчөттөрдүн баалары 20 сомдон башталат. Эң кымбаты катарантус, петуния гүлдөрүнүн көчөттөрү. Бул көчөттөрдүн 1 даанасы 40 сом. Кызыгып сурагандар көп болуп жатат. Бул көчөттөрдүн уругун Өзбекстандан алдыртып, өзгөчө кам көрүү менен өстүрдүм. Буйруса кийинки жылы күнөскананы кеңейтип,  көчөттөрдүн санын көбөйтүүнү пландап жатам», -деди Усманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×