Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.04.2016 09:11

Базар-Коргондогу азык-түлүк дүкөнү толугу менен өрттөндү

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылынын К.Култаев көчөсүндөгү №98 даректе жайгашкан «Саида» азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты. Өрт учурунда дүкөндүн 40 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры, сыналгы, жыгач эмерек, 7 даана муздаткыч, диван, компьютер, 2 даана отургуч, массаж аппараты, 6 даана төшөк, кийим-кечелер, жылыткыч жана азык-түлүктөр толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат, деп билдирди бүгүн, 11-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×