Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 09.04.2016 13:18

Айыл турмушу: Ала-букалык жаш уста темирден манты-казан жана түрдүү буюмдарды жасап сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын 25 жаштагы тургуну Мурат Азизов жука темирден үй шартында пайдаланчу ар кандай буюмдарды жасап сатат.

М.Азизов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Ошко барып, устага шакирт болуп жүрүп, 4 жылда бул кесиптин сырын толук үйрөнгөн.

«Устадан түрдүү боюмдарды жасоону үйрөнүп, 4 жыл жүрдүм. Кийин устатым мени өз алдынча иштөөгө жиберип, батасын берди. Салт боюнча устаты ыраазы болуп, батасын бермейинче шакирт өз алдынча кетпейт. Азыр өз айылыма келип, бул ишти баштаганыма аз эле убакыт болду. Кардарлардын саны күн санап өсүп, буюртма бергендер көбөйүүдө», - дейт М.Азизов.

Ал буюртма менен дан сактоочу идиштерди 700 сомдон, атайын кол жуучу суу чанактарды 1500 сомдон жасап сатууда. Ошондой эле, манты-казандарды жана ашканага керектүү буюмдарды кооздоп жасап сатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×