Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.04.2016 10:32

Өзбекстан менен чектеш Аксынын Кош-Дөбө айылынын тургуну 70 баш коюн жоготту

Turmush -  Аксы районунун акими М.Айдаралиев жана РИИБдин башчысы М.Добулбеков Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүүлөр менен жолугушуу өткөрдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жолугушуу учурунда мал уурулук, чек ара маселелери талкууланды. «Чек араны тоспосо уурулар малды Өзбекстан тарапка алып кеткени тыйылбайт», - дешти айылдыктар.

Айыл тургуну Айдаш Усуповдун айтымында, милиция кызматкерлери менен чек арачылар иштебегендиктен мал уурулук фактыларынын бети ачылбай жатат.

«Кош-Дөбөдө милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ууруларды издебей, мастардын аркасынан кууп жүрөт», - деди ал.

Ушул жылдын март айында эле жергиликтүү тургун Темир Жуманалиев 70 баш кой жоготконун айтты. Мындан тышкары, дагы бир жарандын 3 баш кара малы жоголгон. Бул кылмыштардын бети ачыла элек.

Өз кезегинде РИИБдин башчысы М.Добулбеков издөө иштери жүрүп жатканын айтты. «Жоголгон 70 баш кой Өзбекстан тарапка чек ара аркылуу өткөн эмес», деди М.Добулбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×