Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 08.04.2016 17:41

Айыл турмушу: Карак-тектирлик Р.Калмурзаев көчмө пиларамасы менен 4 адамды жумуш менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Кара-Тектир айылынын тургуну Ролан Калмурзаев 3 жылдан бери көчмө пилорама менен теректерди тилип, айылдыктардын жумушун жеңилдетүүдө. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Анын айтымында, көчмө пилораманы 400 миң сомго сатып алган. Учурда өзүнөн башка 4 адам жумуш менен камсыз болду. Ар жумушчуга күнүнө 600 сомдон маяна төлөп берет. Ар бир айылдан буюртмаларды алдын ала алып, тынымсыз иштеп жатат. Учурда 1 куб тактайды 1300 сомго тилип беребиз, деди ал.

Р.Калмурзаев курулуш материалдарын даярдоочу цех ачууну пландап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×