Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 08.04.2016 18:22

Айыл турмушу: Сузактык дыйкан күнөсканадагы бадыраңды сугаруу үчүн 40 тонна суу сатып алат (фото)

Turmush -  Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы Барпы айылынын жашоочусу Шабдан Рустамов 2006-жылдан бери күнөсканада помидор өстүрүп, сатыкка чыгарат.

Ш.Рустамов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, күнөскана адырга курулгандыктан арыктан суу келбейт. Былтыр күзүндө эккен помидордун түшүмүн январь айында алып, май айына чейин сатып өткөргөн. Быйыл бадыраң эгип, биринчи түшүмүн алды.

«Жумушту баштоо үчүн Ошко барып, тамчылатып сугаруучу ийкем түтүктөрдү (шланг) сатып алгам. Алар биринчи кардарыбыз дешип багыт берип, көрсөтүп кетишкен. Биринчи жылы бир аз кыйынчылыктар болду. Күнөскана үчүн 25 тонналык эки бачок алдырып, жер түбүнө көмдүрдүм. Суу ташуучу унаа ошол бачокко суу толтуруп кетет. Суу ташуучу унаанын ар бир каттамы 1500 сом болот. Айына 40 тоннадай сууну керектейм», - деди Ш.Рустамов.

Анын айтымында, быйыл биринчи жолу адистердин кеңеши менен «арзуу» сортундагы бадыраң экти.

«Бул сорттогу бадыраң жакшы түшүм берет жана даамдуу болот. Кардарларым көп жана базар баасынан бир аз кымбат алышат. Бадыраң өстүрүүдө жашылча-жемиштин оорусуна каршы гана дары колдоном», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×