Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 08.04.2016 14:21

Элдик уламыш: Токтогулда «3 байдын эли» аталган Кара-Жыгач айылы (фото)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылын башка айылдагылар «3 байдын эли» деп аташат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган айылдын баянын укту.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айыл эли Майманкө, Чоңдолой, Абышка деген 3 бир туугандан тараган. Үчөө тең бай адамдардан болгондуктан алардын урпактары «3 байдын уулу» деп аталып калган.

Ал эми айылдын Кара-Жыгач деп аталып калуусунун да себеби бар. Аталган айылдын четиндеги капчыгайдан ары жагында Шиленкана деген жер бар. Шиленканадан аккан суу капчыгай менен түшүп олтуруп Кара-Жыгач айылына агып келет. Шиленканада өскөн кара жыгачтардын уругу суу менен кошо агып келип, айылдын четине көчөт болуп өсүп чыгат. Кийин ал жерге эл көчүп барып, эгин айдап отурукташа баштаган. Ошондуктан айыл Кара-Жыгач деп аталып калган, дешет айыл эли.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×