Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.04.2016 13:16

Кара-Көлдө жыл башынан бери жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 8 адам жабыркады

Turmush -  Кара-Көл шаарында жыл башынан бери 6 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ОИИБдин патрулдук милициясынын ага саптык тескөөчүсү Ж.Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 8 адам жараат алган.

«Акыркы 3 айда катталган жол кырсыктардын бешөө катуу ылдамдыктын кесепетинен чыккан. Жол кырсыгы түнкүсүн көп катталууда. Ошондуктан алыскы жолго чыкканда айдоочулар уктап, жакшы эс алып, күндүз жол жүрүшү зарыл. Жол эрежелерин сактап, унааны тиешелүү ылдамдыкта башкарсак мындай фактылар катталбайт эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×