Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 08.04.2016 11:30

Айыл турмушу: Токтогулдук дыйкан түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн картошканын үрөнүн жыл сайын алмаштырат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы дыйкан Абийгазы Чекебашов картошкадан жакшы түшүм алуу үчүн малдын кыгын жер семирткич катары колдонот. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Анын айтымында, ал 6 жылдан бери 40 сотых аянттагы жерге картошка өстүрүү менен киреше табат. Айдоо жерге жыл сайын табигый органикалык зат болуп эсептелген малдын кыгын чачат. Алгач 40 сотых жерден алган картошканын 18 тонна түшүмүн сатыкка чыгарган.

Дыйкан жыл сайын картошканын үрөнүн жаңыртып турат. Жылына анын үй-бүлөсү орточо 12 тонна түшүмдү сатып өткөрүп, киреше алышат. Талаа иштерине дыйкандын уулдары жардам берет. Бул жылы эрте жазда картошканын «санта» сортун эккен дыйкан күзүндө 15 тоннага жакын түшүм алууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×