Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.04.2016 09:31

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 69 жаштагы тургуну Ш.Бекташова гүл өстүрүүдөн рахат алат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Шайлоокан Бекташова бош убактысын гүл өстүрүү менен өткөрөт. Ш.Бекташова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин жумушта болот.

«Жумуштан кийинки бош убактым кичинекей короодогу гүлдөрдү кароо менен уланат. Жайкысын жашылча-жемиш өстүрөм. Учурда гүлдөр гүл ачып, үйүмдүн айланасы гүлгө оролуп турган убак. Алардын көчөттөрүн Бишкек шаарынан алып келгем», - деди Ш.Бекташова.

Учурда анын короосунда тюльпандын 4 түрү, нарцисстин 5 түрү, ландыш, примуланын эки түрү жана гиацинт сыяктуу ар түрдүү гүлдөр өстүрүлөт.

«Гүл өстүрүү мага абдан жагат. Гүлдөргө кам көрүүдөн рахат алам», - деп кошумчалады жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×