Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Тубаса кемтик оорусун алдын алуу үчүн ата-энелер балалуу болууну алдын ала пландаштыруусу керек, - дарыгер

Turmush -  Кара-Көл шаарында быйыл тубаса кемтик оорусу менен 4 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер борборунун директору Т.Эшалиева билдирди.

Анын айтымында, тубаса кемтик оорулары менен төрөлгөн балдардын бары учурда дарыгердин көзөмөлүндө.

«Алар Бишкекке жана Жалал-Абад шаарларынын медициналык адистерине жөнөтүлгөн. Мындай тубаса кемтик оруулар менен буга чейин наристелер төрөлүп, операция жасалып келген. Бул ооруларды алдын алуу үчүн ата-энелер балалуу болууну пландаштыруусу керек. Алгач ден соолугун чыңдап, анализдерин нормалдаштырып, андан соң гана балалуу болуу керек. "Дени сак энеден дени сак бала төрөлөт" деп бекеринен айтылган эмес. Ымыркайлардын тубаса кемтик оорулары менен төрөлүшүнө кыздардын эрте турмушка чыгуусу, ден соолуктары жакшы эместиги, аз кандуулук, богок, жугуштуу оорулар менен оорушу себеп болууда», - деди Т.Эшалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2290
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×