Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 06.04.2016 13:31

Майлуу-Суудагы аскер бөлүктө катардагы жоокердин өлтүрүлүшүн Республикалык аскер соту карап жатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы 30295-аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жеринен каза болгон катардагы жоокер Шамбет Сейитмуратовдун өлүмүнөн кийин 9 жылга эркинен ажыратылган аскер Нургазы Усмановдун тарапташтары Республикалык аскер сотуна кайрылды. Бул иш марттын аягында каралган. Кийинки соттук отурум качан болору белгисиз.

Алар Усмановго карата чыккан өкүмгө нааразы.

Ал эми каза болгон жоокердин атасы Кайрат Сейитмуратовдун айтымында, Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктүн жетекчилиги жоопкерчиликке тартылган жок. Ал аскер бөлүктүн жетекчилигин да кошо жоопко тартууну талап кылат.

82

Окуя тууралуу:

Кадамжайдан аскердик милдетин өтөөгө чакырылган 1994-жылы туулган Ш.Сейитмуратов 2015-жылдын 13-мартында 30295-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жеринен каза болгон. Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү айылында 15-мартта жерге берилгени маалымдалган.

Аны сабап өлтүргөн деген шек менен командирдин айдоочусу Нургазы Усманов камакка алынган. Ал маркум Шамбет Сейитмуратовдон 6 ай мурда аскерге барган.

Шамбет үй-бүлөдөгү эки уулдун кенжеси болгон.

Шектүү

11

12

Жабырлануучу ата-эне

А 5

А 2

А 7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×