Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.04.2016 08:25

Аксы районунда жер көчкү жүрүп, 5 гектар токойду басып калды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Кулунчак-Сай токой чарбасында кечээ, 5-апрелде жер көчкү жүрдү.

Авлетим токой чарбасынын башчысы Замир Батырбеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, жер көчкү жалпысынан 5 гектар токойду басып калды.

«Учурда көчкү болгон аймакка барууга мүмкүн эмес. Тоо зонасында күн сайын жамгыр жаап, жер жумшак болгондуктан дагы көчкү жүрүү коркунучу бар. Күн жылып, жер кургаса кеткен чыгымдар эсептелет. Негизинен жер көчкү басып калган аймакта ийне жалбырактуу көп жылдык карагай, арчалар өсөт. Андан сырткары долоно, кайың, тоо алма, өрүк сыяктуу дарактар көчкү алдында калды», - деди З.Батырбеков.

Ал райондук администрацияга, ӨКМдин райондук бөлүмүнө расмий кайрылуу жасаган. Айылдыктарды аталган аймакка барбоого чакырык жасашууда. Анткени абал кооптуу.

4

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×