Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 06.04.2016 08:13

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну орто кылымга таандык кумараны 9 жылдан бери сактап жүрөт (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 65 жаштагы тургуну Мүсүркан Өмүркулова мындан 9 жыл мурун табылган орто кылымга таандык кумараны азыркыга чейин сактап жүрөт.

М.Өмүркулова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, жолдошу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Акыш Төлөгөнов 83 жашында каза болгондо Саргата айылынын Осмон-Ата мүрзөсүнөн жай казылып жаткан учурда кумара табылган.

Анын айтымында, кумаранын оозу атайын калың чопо менен бекитилген. Анын ичинен күл чыккан. Күлдү төгүп, жууп, тазалап, үйгө алып келип коюшкан.

«Жергиликтүүлөр кумараны күнгө чыгарса күбүлүп түшүп калат деп айтышкандыктан ушул күнгө чейин күн көрсөтпөй көлөкөдө сактап келе жатам. Бул кумарага кызыгып деле эч ким келген жок. Эгер айылдын музейине коёбуз дешсе берүүгө даярмын», - дейт ал.

М.Өмүркулова учурда пенсияда, 13 баланы тарбиялап өстүргөн. Кесиби боюнча дүкөнчү.

1

3

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×