Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.05.2016 13:28

Айыл турмушу: Токтогулдук Б.Султакеев короосунан орто кылымга таандык 3 кумара тапты (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Саргата айылынын тургуну Баратаалы Султакеев үйүнүн короосунан орто кылымга таандык 3 кумара таап алды.

Б.Султакеев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал алгачкы кумараны үйүнүн короосун тосмолоп жатканда таап алган. Ал эми 2-кумараны чоң үй куруп жатканда тапты.

«Бул кумаранын көлөмү 20 литр суу батарлык. Эң акыркы кумараны үйдүн жер төлөсү үчүн чуңкурча казып жатып таап алгам. Бул кумарага 40 литр суу батчудай. Бардык кумаралар 1-1,5 метр тереңдикте казылган жерден табылган. Буларга айылдагылар көп деле кызыгышпайт. Анткени мындай кумаралар айыл ичинен көп табылат. Көпчүлүгү сындырып алышат. Учурда табылган кумараларды айылда суу тартыш болгондуктан суу сактагыч катары пайдаланып жатабыз», - дейт ал.

Б.Султакеев учурда пенсионер, Камбар-Ата ГЭСинде куруучу болуп иштеген. Жубайы экөө 3 баланы тарбиялап чоңойтушту. Бул кумараны таап алып, сактап жүргөндөрүнө абдан сыймыктанышат.

«Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата кумаралардын тарых-таржымалын атайын тийиштүү органдар изилдеп, иш алып барышса жакшы болот эле», - дейт Б.Султакеев.

Жергиликтүү тарыхчылардын маалыматына ылайык, бул кумаралар орто кылымдарга таандык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×