Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 05.04.2016 15:19

Сузактын тургуну уурулукка шектелген уулунан акча талап кылган милиция кызматкерлерине нааразы (фото, видео)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Төбөй айылынын жашоочусу Бактыгүл Моңолдорова Барпы айыл аймагындагы милициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери куру доомат менен баласынан 12 миң сом талап кылганына нааразы экендигин айтып чыкты.

93

Б.Моңолдорова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал бул маселе боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад шаарындагы бөлүмүнүн коомдук кабылдамасына кайрылган. Бирок, ишеним артып келген бул кызмат да анын үмүтүн өчүргөнүн айтууда.

Анын айтымында, ушул жылдын 24-мартында Барпы аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери анын 30 жаштагы уулу Мирлан Абдуллаевди айылдашынын унаасынан автомагнитоласын уурдаган деген жүйөө менен алып кетишип, бир күн камакка алышкан. 25-мартта милиция кызматкерлери ата-энесине байланышып, уулу милициянын аймактык бөлүмүндө экенин айтышкан.

Мындай кабарды уккан Б.Моңолдорова милиция бөлүмүнө барып, баласы үчүн тил кат жазып чыккан.

«Мен барып жабырлануучунун арызын көрсөткүлө, мен арыз менен таанышайын, уулум эмне уурдаганын билейин десем көрсөтө алышкан жок. Кепилдик кат жазып, баламды алып чыгып келе жатканда милиция кызматкеринин бири: "Жоголгон 5 миң сомдук автомагнитоланын акчасын жабырлануучуга төлөйсүз. Ал эми балдардын кызмат акысы жалпы 12 миң сом болот" деди. Аны төлөө үчүн бизде андай суммадагы акча жок. Андан соң, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына кайрылып, окуяны болгондой айтып берип, арыз жаздым.

91

Уурулук жасаган деп шектелип жаткан атуулдун чоң энеси, 87 жаштагы Мөөркан Абдуллаева небересинин ашказанына катуу сокку болгон деп божомолдоодо. Анткени Мирланды милициянын аймактык бөлүмүнөн алып келгенден кийин ашказаны ооруп калган.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, Б.Моңолдорованын жазган арызы Кылмыш процессуалдык кодекстин 156-беренеси жана 163-беренеси менен облустук прокуратурага өткөрүлгөн. Маалым болгондой, кылмыш иши козголгондуктан мыйзамдын негизинде прокуратурага өткөн. Эгер уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголо элек болсо каралмак.

Ал эми Барпы аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкери Кумар Садыков 12 миң сом талап кылынгандыгы тууралуу маалымат жалган жалаа экенин белгиледи.

92

К.Садыковдун айтымында, Мирлан Абдуллаев мурда уурулук боюнча соттолуп чыккан. Ал 24-марттан 25-мартка караган түнү мас абалда болгондуктан милициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. Бөлүмгө түн ичинде жеткирилип, ата-энеси эртең менен чакыртылган. Ал кошумчалагандай, 26-мартта Төбөй айылынын тургуну автомагинатолу, унаасынын тетиктери уурдалганы боюнча арыз менен кайрылып, анын унаасында Мирландын баш кийими табылган.

Милиция кызматкеринин айтымында, кармалган жигит унаага уурулукка киргендиги боюнча тил кат жазып, унаанын ээсине чыгымын төлөп берүүнү убадалаган. Унааны урдоого аракет кылганын да айткан.

«Бул ишти прокуратура карап жатат, тиешелүү жерлерге пикиримди айтып жатам. Шектүү унааны уурдоого аракет жасаган», - дейт милиция кызматкери.

Унаасынын тетиктери жоголгонун айтып кайрылган Карим Богачев төмөнкүдөй пикирин билдирди.

«Түн ичинде унаамдын ичин аңтарып кетишиптир. Эртең менен унаамды жүргүзөйүн деп барып, бары чачылып жатканын көрдүм. Акыры устага алып барып, бузулган жерлерин оңдоттум. Милиция кызматкери Кумарды чакырып, чачылган абалдагы унаамды көрсөттүм. Оозеки түрүндө эле кайрылып, караштырып койчу деп өтүнгөм. 5 күн бузулган жерин оңдото бергенден тажап, милицияга арыз жаздым. Оңдото берип акчам калбай калды, ким алса да кеткен чыгымды төлөп беришсин дедим.

Милиция кызматкерлери Мирлан деген жаш бала менен да беттештиришти, ал мас абалында экенин айтып, мага 5 миң сом төлөп бермек болгон. Айылдаш экенибизди айтып, чыгымды төлөп беришин өтүнгөм. Эми ал баланын ата-энеси ар тарапка арызданып жатат. Чыгымды төлөп берем деген баладан дайын жок», - деди ал.

Кийинчерээк Бактыгүл Моңолдорова маалымат берип жатып ачуусунда Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерине карата туура эмес пикир берип алганын билдирди.

«Аталган кызматка кайрылганымда арызымды кабыл алып, мыйзамдын жол жоболорун түшүндүрүп беришкен. Ыкчам иш алып барышкан. Менин туура эмес сүйлөп алганымдан башкалардын жабыр тартышын каалабайм», - деген пикирин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×