Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 05.04.2016 12:22

Таш-Көмүрдө жоголгон 13 жаштагы кыздын денеси камыштын арасынан табылды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында жоголгон 13 жаштагы кыздын сөөгү камыштын арасынан табылды.

ШИИБдин маалыматына ылайык, Теңдик айылында жашап жаткан №9 мектептин 7-классынын окуучусу Д. кызы С. 7-мартта кечки саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Кыздын жакындары 3 күн өз алдынча издеп, 1-мартта ШИИБге кайрылышкан. Нарын дарыясынын жээги тарапка кеткен деген багыттама боюнча милиция кызматкерлери ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте жээкте издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок, жыйынтык чыккан эмес.

31-мартта балык кармап жүргөн жарандар тарабынан камыштын арасында жансыз адамдын денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ШИИБдин ыкчам тобу барып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусунда кыздын денесине залал келтирүү болбогону, ал сууга чөгүп каза болгону жазылган. Кыздын жакындары милиция кызматкерлерине доосу жок экенин билдиришкен.

А 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×